Алгоритмдер жана берилиштер структурасы. Жазуулар презентация

АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ Даярдаган: Айбек Аданбаев Жазуулар Жазуулар – бул түрлөрү ар кандай болгон жана саны белгилүү болгон элементтерден түзүлгөн берилиштер структурасы. Жазуудагы ар бир элементти талаа деп аташат.

Слайд 1АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Даярдаган: Айбек Аданбаев
Жазуулар.
Жазуунун талаалары.
Негизги түшүнүктөр.
Жазууларды иштетүү.
Тема:

Жазуулар.

Слайд 2АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Даярдаган: Айбек Аданбаев
Жазуулар
Жазуулар – бул түрлөрү ар кандай

болгон жана саны белгилүү болгон элементтерден түзүлгөн берилиштер структурасы. Жазуудагы ар бир элементти талаа деп аташат.
Массив, көптүк жана жазуулар аттуу структуралар компьютердин ээсинде туруктуу көлөм ээлешет жана ошол себептен аларды статикалык структуралар деп аташат.

Слайд 3АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Даярдаган: Айбек Аданбаев
Жазуулар
Жазуунун мисалы: кандайдыр бир студент жөнүндө

маалыматтардын көптүгү.
“Студент” аттуу объект төмөнкү касиеттерге ээ:
“студенттик номер” – бүтүн оң сан менен чагылдырылат,
“аты жөнү” – символдук жолчо менен чагылдырылат.
С++ тилинде мисал:
struct rec
{
short int num; // студенттик номер
char name[20]; // Аты-Жөнү
char fac[7], bolum[7]; // Факультет, Бөлүм
short int math,comp,lang; //мат., комп., тил саб-ры б-ча баалар
};

Слайд 4АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Даярдаган: Айбек Аданбаев
Жазуулар
Жазуунун үстүндөгү амалдар.

<Жазууну тааныткан өзгөрүлмөнүн аты>.<талаанын аты>
Демек, эгерде биз rec.math же rec.lang деп жазсак, анда жазуунун math же lang аттуу талааларына кайрылган болуп эсептейбиз. Тандалган талаанын үстүнөн түрүнө жараша тиешелүү амалдарды жүргүзсөк болот.

@rec

Компьютердин эсинде аталган структура төмөнкүдөй көрсөтүлүшү мүмкүн:


Слайд 5АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Даярдаган: Айбек Аданбаев
Файлдар


Слайд 6АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Даярдаган: Айбек Аданбаев
Файлдарды иштетүү алгоритмдери: Биригүү ирээттөөсү
“Биригүү” ирээттөөсүн

1945-ж. Жон фон Нейман сунуштаган. Бул алгоритм туруктуу болуп эсептелинет, себеби маанилери окшош болгон элементтерди ордулары менен алмаштырбайт.
Бул ыкма “Бөл жана башкар” принципти колдонот. Тизме узундугу бирдей же жакындаштырылган түрдө экиге бөлүнөт жана ар бир бөлүгү өзүнчө ирээттелет. Андан кийин ирээттелген бөлүктөр кайра биригет.

Слайд 7АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Даярдаган: Айбек Аданбаев
Файлдарды иштетүү алгоритмдери: Биригүү ирээттөөсү
Жалпысынан

алгоритм төмөндөгүчө:
Массив рекурсивдүү түрдө экиге бөлүнөт, ар бир бөлүгү узундугу 1-ге барабар болгонго чейин бөлүнүп кете берет.
Бул кадамда “биригүү” процесси жүрөт. Өлчөмдөрү 1-ге барабар болгон эки массив мааниси кичинеден тартып (өсүү ирээту боюнча) бир жыйынтыктоо массивине биригет. Андан кийин эки жыйынтыктоо массивинен 3-чү сорттолгон массив алынат. Ошентип бардык бөлүктөр бириккенге чейин улантылат. Эгерде кайсы бир массивде элементтер түгөнүп калса, анда берки массивдин калган элементтери чогултулуп аткан массивдин аягына кошулат.
“Биригүү” амалы аяктаарда жыйынтыктоо массивдин элементтери кайра баштапкы массивге жазылат.

Слайд 8АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Даярдаган: Айбек Аданбаев
“Биригүү” ирээттөөнүн кемчилиги болуп кошумча эсти

талап кылганы эсептелинет. Кайрылуусу удаалаш болгон файл жана тизмелер менен иштеген учурда бул ыкма аябай ыңгайлуу б.э.
Артыкчылыгы болуп туруктуулугу жана иштөө ылдамдыгы O(n*logn) эсептелинет.

Файлдарды иштетүү алгоритмдери: Биригүү ирээттөөсү


Слайд 9САБАГЫБЫЗ АЯКТАДЫ.
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗ ҮЧҮН ЧОҢ РАХМАТ!
ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙМ!
АЛГОРИТМДЕР ЖАНА БЕРИЛИШТЕР СТРУКТУРАСЫ
Айбек Аданбаев


Обратная связь

Если не удалось найти и скачать презентацию, Вы можете заказать его на нашем сайте. Мы постараемся найти нужный Вам материал и отправим по электронной почте. Не стесняйтесь обращаться к нам, если у вас возникли вопросы или пожелания:

Email: Нажмите что бы посмотреть 

Что такое ThePresentation.ru?

Это сайт презентаций, докладов, проектов, шаблонов в формате PowerPoint. Мы помогаем школьникам, студентам, учителям, преподавателям хранить и обмениваться учебными материалами с другими пользователями.


Для правообладателей

Яндекс.Метрика